География, экология жана туризм факультетинин “Экология” багытындагы 3-курс студенти Нургазы Асеков “Keremet Holding” жана Кыргызстан жаштар конгресси тарабынан уюштурулган «Кыргызстандын эң мыкты студенти — 2025» республикалык сынагына катышып, I даражадагы диплом жана «Эң мыкты студент» наамына татыктуу болуп, «Кыргызстандын мыкты студенти» төш белгиси, күбөлүгү жана статуэткасына ээ болуп келди.

Сынакка окууда, ыктыярчылыкта, спортто, коомдук иштерде, илимий конференцияларда, маданиятта, чыгармачылыкта жана бизнесте ийгилик жараткан 100 студент тандалып алынган.

(C) Абыкеева Аида — илимий иштер боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий