Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин профессору Алмазбек Акматалиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун кызматтагы 5 жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча коомчулукка маегин берди.
Алмазбек Акматалиев аталган тема боюнча алгач 2026-жылдын 28-январь күнү Биринчи радиого, андан соң ЭлТР телеканалына кыскача интервью берди.
Маектердин жүрүшүндө профессор президенттин беш жыл ичинде жүргүзгөн саясий реформаларына, мамлекеттик башкарууну трансформациялоо багытындагы кадамдарына, укуктук мамлекетти чыңдоо, коррупцияга каршы күрөш, социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу маселелерине кеңири токтолду. Ошондой эле өлкөнүн ички жана тышкы саясатындагы негизги жетишкендиктер менен чакырыктарга илимий жана эксперттик көз караштан талдоо жасалды.
Алмазбек Акматалиев билдирүүсү мамлекеттик башкаруунун учурдагы абалына жана келечектеги өнүгүү багыттарына объективдүү баа берүүдө өзгөчө мааниге ээ.
Маектердин толук версиясын төмөнкү шилтемелер аркылуу көрүүгө болот:
- Биринчи радио: https://www.facebook.com/share/v/16mNXNYhEw/?mibextid=wwXIfr
- ЭлТР: https://youtu.be/VSdlUroIpmc?si=0CZf_spgqdOq3Xxc
(С) Джапарова Г.Э. — тарбия иштери боюнча декандын орун басары