2023-жылдын 30-октябрында Салымбеков университетинде “Агартуу лигасы” тарабынан уюштурулган “Интеллектайм” аттуу ЖОЖдор аралык интеллектуалдык оюн болуп өттү. Акыл таймашка социалдык гуманитардык илимдер институтунун “Рубикон” командасы катышты.
Оюнга Бишкектеги ЖОЖдордон 15 команда топтолуп, төмөндөгү категориялар боюнча күч сынашты:
- Кыргыз адабияты, жазуучулары
- Гиннес
- Дүйнөлүк спорт
- Визуализация
- Эн биринчи
- Логикалык суроолор
- Kahoot.
Жыйынтыгында, “Рубикон” командасы 3-орунга ээ болуп, диплом, сертификат жана кызыктыруучу байгелер менен сыйланышты.
Команда мүчөлөрү:
- Абдиманапов Баяман – Псх-21
- Алтынбеков Адилет – Псх-21
- Дуйшемуратова Айдана – Кпсх-21
- Сатарова Элина – Кпсх-21
- Ызаева Айнуска – Рб-23
(С) Джунушалиева З.А. – тарбия иштери боюнча директордун орун басары
