Семинардын экинчи күнү Ала-Тоо эл аралык университетинин Квалификацияны жогорулатуу жана инновация институтунун директору, ф.и.к. Кундуз Жузупекова жана КУУнун мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Динара Мырзагулова «Санарип муунга карата окутуунун ыкмасы: веб-базалык курс түзүүнүн негизи» деген семинар-тренинг өткөрүштү.

Түштөн кийин Жусуп Баласагын атындагы КУУнун И.Исамидинов атындагы Педагогикалык институтунун орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн окутуучусу Жаңыл Нуруева «Заманбап мугалимдин AI-ассистенти» аталышында тренинг өткөрдү. Катышуучулар топторго бөлүнүп, үйрөнгөн ыкмалары боюнча текст, презентация, видео, тест түзүшүп, санариптик окутуунун технологияларынын жаңы платформаларын өздөштүрүштү.

Тренингде заманбап методиканын ондон ашык түрү окутулду. Катышуучулардын жасаган сабактарынын үлгүлөрү КУУнун сайтына мамлекеттик тил бөлүмүнө шилтеме (ссылка) менен илинет. Тренинг кызыктуу  жана жемиштүү болду. Семинарды мамлекеттик тил жана  тил саясаты боюнча проректор  Н.Ишекеев жыйынтыктап, лекторлого ыраазычылык кат тапшырды.

(С) Динара Мырзагулова — КУУнун мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы

Добавить комментарий