2025-жылдын 15-январь күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында физика-математика илимдеринин доктору, профессор, 3-даражадагы “Манас” орденинин ээси, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, академик Алтай Бөрүбаевдин туулгандыгынын 75 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү.

Салтанаттуу жыйынга Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев катышып, академик Алтай Бөрүбаевди 75 жылдык мааракеси менен куттуктады. Ал өз сөзүндө Алтай Асылканович — эл аралык деңгээлде таанылган даңазалуу инсандардын бири экендигин, академиктин илимдеги, билим берүүдөгү, саясаттагы ийгиликтери, жетишкендиктери жалпы журтка белгилүү экендигин жана Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп иштеген мезгилде агайдын окуу жайдын өсүп-өнүгүшүнө кошкон салымы баа жеткис экендигин баса белгилөө менен, Улуттук университеттин жалпы жамаатынын атынан ага саламатчылыкты, жаңы илимий жетишкендиктерди жана үй-бүлөлүк бак-таалайды каалады.

Добавить комментарий