Кыргыз адабияты кафедрасынын доценти Назгуль Турдубаева 2023-жылдын 26-28-октябрында Туркия Республикасынын 100 жылдыгына карата Эрзурум шаарындагы алгачкы беш университеттин бири Ататүрк университети тарабынан уюштурулган “Эл аралык жана Түрк адабиятынын курултайы” деген аталыштагы симпозиумга онлайн форматта катышып, “Жусуп Баласагындын “Кутадгу билиг” дастанында мамлекетти башкаруу мыйзамдары жана анын түрк дүйнөсүндө өнүгүүсү” деген баяндама жасады.

Иш чарага о.э. И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун филологиялык жана социалдык-экономикалык билим берүү кафедрасынын башчысы, доцент Зейнеп Кудайбергенова катышып, “Улуттук оюндар түрк элдеринин адабий чыгармаларында көркөм сүрөттөлүшү” деген баяндама жасады.

(С) Назгуль Турдубаева – кыргыз адабияты кафедрасынын доценти

Добавить комментарий