2025-жылдын 19-декабрында Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунда эл аралык тренер, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Шамканова Гульмира Джылкычиевна тарабынан «Туруктуу өнүгүүнүн максаттары» темасында илимий-агартуучулук семинар өткөрүлдү.
Семинардын максаты — окутуучуларды жана студенттерди Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүгүү концепциясы жана Туруктуу өнүгүүнүн максаттары (ТӨМ) менен тааныштыруу, ошондой эле аларды институттун билим берүү жана илимий ишмердүүлүгүндө ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо болду.
Иш-чара иштиктүү жана конструктивдүү атмосферада өтүп, катышуучулар туруктуу өнүгүү маселелерин талкуулоого активдүү катышышты. Семинардын жыйынтыгында туруктуу өнүгүү — ар бир жарандын жоопкерчилиги экендиги, ресурстарды үнөмдүү пайдалануунун мааниси жана сапаттуу билим берүү аркылуу коомдук аң-сезимди өзгөртүү мүмкүн экени белгиленди.
(С) Джунушалиева Б.А. — Илим жана билим берүү программаларын санариптештирүү боюнча директордун орун басары