2025-жылдын 15–17-декабрь күндөрү Чет тилдер институтунун англистика кафедрасынын башчысы Асель МамытоваТашкент шаарындагы Өзбек мамлекеттик дүйнөлүк тилдер университетине кызматтык иш-сапар менен барды.
Иш-сапардын жүрүшүндө Асель Мамытова Өзбек мамлекеттик дүйнөлүк тилдер университетинин окутуучулары жана докторанттары үчүн академиялык жазууну окутууда жана баалоодо инклюзивдүү, гендерге сезимтал ыкмаларды колдонууга багытталган тренингдерди өткөрдү. Тренингдердин алкагында заманбап педагогикалык ыкмалар, академиялык жазууну баалоонун критерийлери, ошондой эле билим берүү процессинде тең укуктуулукту жана инклюзивдүүлүктү камсыз кылуунун практикалык жолдору кеңири талкууланды.
Аталган иш-чара эки жогорку окуу жайдын ортосундагы академиялык кызматташууну чыңдоого, тажрыйба алмашууга жана англис тилин окутууда инклюзивдүү билим берүү принциптерин илгерилетүүгө багытталган маанилүү кадам болду.
Иш-сапар Британиянын консулдук кызматы тарабынан каржыланган AELLCA программасынын алкагында, Лидс университети менен биргеликте иштелип чыккан «Англис тилиндеги академиялык жазууну баалоодо гендердик өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен окутуу ыкмаларын колдонуу аркылуу инклюзивдүүлүктү өнүктүрүү» аттуу эл аралык долбоордун негизинде уюштурулду.
(С) Байболотова Ж.Т. – Чет тилдер институтунун тарбия иштери боюнча директордун орун басары
