2026-жылдын 11-мартында Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ким Квандже мырза Чет тилдер институтунун студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чара Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын жайылтуу жана илгерилетүү максатында «Маданий алмашуулар жана туруктуу өнүгүү» темасындагы конок лекция форматында уюштурулду.

Жолугушууга Чет тилдер институтунун студенттери, окутуучулары жана институттун директору Кенжебай Уметов катышты.

Лекциянын жүрүшүндө Ким Кванчже мырза элдер ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөдөгү маданий алмашуунун мааниси тууралуу кеңири айтып берди. Анын айтымында, маданият салт-санаада, искусстводо жана улуттук өзгөчөлүктөрдө гана эмес, адамдардын күнүмдүк жашоосунда да чагылдырылат. Элчи өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө тилдин ролу абдан маанилүү экенине өзгөчө көңүл бурулду. Элчи мырза о.э. Корея Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы маданий жана билим берүү жаатындагы кызматташуунун мисалдарын келтирди. Элчинин белгилөөсү боюнча, маданий байланыштарды өнүктүрүү эки өлкөнүн ортосундагы достукту, өз ара урматтоону жана өнөктөштүктү бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Жолугушуунун соңунда студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, элчиден кеңири жоопторду алышты.

Чет тилдер институтунун директору Кенжебай Уметов мазмундуу лекциясы жана академиялык, маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Ким Кванчже мырзага институттун атынан ыраазычылык кат тапшырды.

Конок лекция студенттер үчүн маанилүү жана пайдалуу аянтча болуп, эл аралык мамилелер, маданий өз ара аракеттенүү жана Кыргызстан менен Корея Республикасынын ортосундагы кызматташтыктын келечеги тууралуу билимдерин кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берди.

(С) Байболотова Ж.Т. — Чет тилдер институтунун директорунун тарбия иштери боюнча орун басары

Добавить комментарий