2026-жылдын 11-март күнү түштөн кийин Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигинин (ББПУАА ) эксперттик комиссиясы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ЖОЖдон кийинки, жогорку жана орто кесиптик билим берүү программаларын аккредитациялоо боюнча өз ишин аяктап, тыянактары менен сунуштарын жарыялады.

Жыйынды ББПУАА директорунун орун басары Кубаныч Раматов ачып, эки күн бою аткарылган жумуштун жыйынтыктарын жарыя кылуу үчүн программалар боюнча эксперттик комиссиялардын жетекчилерине сөз узатты.

ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү программаларын аккредитациялоо боюнча эксперттик комиссиянын төрагасы, ББПУААнын президенти, техника илимдеринин доктору, профессор Бактыбек Исмаилов 530300 — «Психология» жана 710400 — «Программалык инженерия» PhD программаларынын жетишкендиктери менен бирге кемчиликтери жөнүндө сөз кылып, аталган программаларды 5 жылдык мөөнөткө аккредитациялоого сунуштоо боюнча алдын ала чечим кабыл алынганын билдирди.

Жогорку кесиптик билим берүү программаларын аккредитациялоо боюнча эксперттик комиссиянын төрагасы, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин «Компьютердик системалардын программалык камсыздоосу» кафедрасынын доценти, техника илимдеринин кандидаты Рысбек Искаков эксперименталдык «Психологиялык-педагогикалык билим берүү (профиль: Билим берүүдөгү инсандык потенциалды өнүктүрүү)», 710500 — «Интернет технологиялар жана башкаруу», эксперименталдык «Жасалма интеллект» магистрлик программаларынын, о.э. эксперименталдык «Архив таануу», эксперименталдык «Медициналык жана фармацевтикалык химия» жана 530500 — «Юриспруденция» бакалавр программаларынын жетишкендиктери менен бирге кемчиликтери жөнүндө айтып, аталган программаларды 5 жылдык мөөнөткө акредитациялоого сунуштоо боюнча алдын ала чечим кабыл алынганын кабарлады.

Орто кесиптик билим берүү программаларын аккредитациялоо боюнча эксперттик комиссиянын төрайымы, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Социология-психология факультетинин деканы, социалдык иш жана практикалык психология кафедрасынын доценти, социология илимдеринин кандидаты Перизат Айтбаева эксперименталдык «Психология» жана «Медиакоммуникациялар» программаларынын жетишкендиктери менен бирге кемчиликтери жөнүндө баяндап, аталган программаларды 5 жылдык мөөнөткө аккредитациялоого сунуштоо боюнча алдын ала чечим кабыл алынганын белгиледи.

ББПУААнын президенти Бактыбек Исмаиловдун айтымында, жыйынтыктоочу чечим Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигинин атайын кеңешинин отурумунда кабыл алынат.

Жыйындын соңунда КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев эксперттик комиссиясынын мүчөлөрүнө эки күн бою аткарган иштери үчүн терең ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады жана айтылган сунуштар Улуттук университеттин билим берүү программаларынын өсүп-өнүгүшүнө чоң салым кошоорун белгилеп, жетекчилик тарабынан айтылган сунуштарды ишке ашыруу боюнча чаралар көрүлөөрүн билдирди.

Добавить комментарий