Чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын башчысы, Алтай мамлекеттик университетинин КУУдагы «Кең Алтай» алтай таануу жана түркология илимий-билим берүү өкүлчүлүгүнүн жетекчиси, т.и.д., профессор Жамыйкат Омурова 18-21-октябрь күндөрү Барнаул шаарындагы Алтай мамлекеттик университетинде «Кең Алтай» алтай таануу жана түркология илимий-билим берүү долбоорунун алкагында уюштурулган «Славян жана түрк элдеринин биримдиги: тарыхы жана азыркы абалы» аттуу III эл аралык форумуна катышып келди.
Аталган илимий долбоордун алкагында өткөрүлгөн 4 жылдык илимий изилдөө иштердин жыйынтыгында “Летопись тюркской цивилизации. Том I. Тюркский мир в VI-XII вв.” аталыштагы монография жарык көрдү. Бул илимий эмгекти жазууга Кыргыз Республикасынын тарыхчы-окумуштуулары активдүү катышты.
(С) Шаршенбек кызы Айпери – чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын ага окутуучусу
.


