Улуу Британиянын “Chester College of New England” колледжинин жана “English examination” компаниясынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Тилек Үркүнчиев 2023-жылдын 20-октябрында юридикалык колледждин 9-класстын базасындагы 1-курс студенттери менен жолугушту.
Колледждин директору Данияр Джумалиев тарабынан уюштурулган жыйында Тилек Уркунчиев бир эле учурда КУУда да, Улуу Британиянын колледжинде да окуп (онлайн), кош диплом алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу айтып берди.
Данияр Джумалиев өнөктөштөр менен кызматташууга кызыкдар экенин баса белгиледи.
(С) Элла Жакшылыкова – окуу иштери боюнча директордун орун басары