2025-жылдын 20-ноябрь күнү Эл аралык колледжинин студенттери 7702-аскер бөлүгүндө өткөрүлгөн “Ачык эшиктер күнүнө” катышып келишти.

Бул маанилүү тарбиялык-патриоттук иш-чара Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин кол башчысы, полковник Дамир Алыбаевдин уруксаты менен өттү. Иш-чаранын өткөрүлүшүнө жооптуу ДПМ сабагынын мугалими Марат Сапаев болду. 

Студенттер жоокерлердин турмушу жана жашоо шарттары менен таанышты. Офицерлер куралдуу күчтөрдөгү окуу жана кесиптик өсүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып беришти. Өткөрүлгөн иш-чара үчүн полковник Алыбаев Дамир Картанбековичке терең ыраазычылык билдиребиз!

(С) Джапарова Н.М. – окутуучу

Добавить комментарий