Факультеттер аралык дене тарбия жана спорт кафедрасынын ага окутуучусу Бакыт Кадыров 2023-жылдын 20-22-октябрь күндөрү Германиянын Франкфурт на Майне жана Рюссельсхайм шаарларында болуп өткөн WFMC Grappling версиясы боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышып, 84 кг салмак категориясында 1-орунду, ал эми 92 кг салмак категориясында 3-орунду ээледи.
Кафедранын жамааты кесиптешин татыктуу жана көптөн күткөн жеңиши менен куттуктайт. Бакыт Жолдошбекович, жетишкен ийгиликтер менен токтоп калбай, дагы көп нерсеге умтулуп, ар дайым ийгилик жана ийгиликтүү болушуңду каалайбыз!
(С) Токонова Гүлзат — ФАДТжС кафедра башчысынын орун басары
