Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери 2025-жылдын 6-октябрь күнү Мугалимдер күнүнө карата «Таазим сага, эже-агай!» аттуу билим менен мээримди айкалыштырып, ар бир жүрөккө жарык чачкан окутуучуларыбызды даңазалаган майрамдык иш-чара өткөрүштү.

Бул иш-чара бийлердин, обондуу ырлардын жана комуз күүсүнүн коштоосунда болуп, көрүүчүлөргө өзгөчө маанай тартуулады.

Студенттер окутуучуларга болгон терең ыраазычылыгын жана урмат-сыйын билдиришип, куттукташты.

Мугалим — элдин байлыгы, билимдин булагы, акылдын шамы!

Окутуучуларыбыздын ар бир сабагы — жашоонун мектеби, ар бир сөзү — келечектин багыты.

(С) Т. С. Бактыбековна – тарбия жана окуу иштери боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий