2025-жылдын 29-сентябрында кыргыз филогиясы факультетинин студенттери КУУнун Түрк мурасы борбору менен биргеликте Азербайжандын белгилүү жазуучусу, “Манас” эпосунун Азербайжандагы жалгыз изилдөөчүсү, котормочусу, “Манас – 1000” эл аралык юбилейлик иш-чарасынын катышуучусу, А.Осмоновдун поэзиясын азербайжан тилине которуп,  “Алыкул – сияющая вершина кыргызской поэзии” аттуу китебинин автору Адил Жамил менен жолугушуу кечесин өткөрдү.

Жолугушуу кыргыз филологиясы факультетинин студенттерин кызуугусун арттырып, котормочу Адил Жамилдин азербайжан тилинде Алыкул Осмоновдун ырларын окуп берүүнү суранышты. Студенттер кыргыз тилинде көркөм окушса, Адиль Жамиль студенттерди коштоп, акындын ырларын азербайжан тилинде окуп берди.

Аталган иш чарага белгилүү жазуучу Чынгыз Айтматовдун уулу Аскар Айтматов, ТЮРКСОЙ уюмунун баш катчысынын жардамчысы Сабырбек Бөрүбаев, Түрк мурасы борборунун жетекчиси Кайрат Осмоналиев, кыргыз филологиясы факультетинин деканы Б.Жайлообаев, илимий иштер боюнча орун басары Назгуль Турдубаева катышты. Иштин алкагында Адил Жамил эки элдин достугун чыңдоодо жасалган ийгиликтери үчүн Ж.Баласагын атындагы КУУнун Түрк мурасы борборунун жетекчиси Кайрат Осмоналиевди Азербайжан Ататүрк борборунун диплому менен сыйлады. Кыргыз филологиясы факультетине өзүнүн китептерин белек кылды.

(С) Назгуль Турдубаева – кыргыз филологиясы факультетинин деканынын илимий иштер боюнча орун басары

Добавить комментарий