2025-жылдын 26-сентябрында Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтуна «LUPIC» долбоорунун алкагында Түштүк Кореянын Кемён университетинин өкүлдөрү расмий иш сапары менен келишти.

Делегациянын курамында Кемён университетинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Юн Жиенг мырза, «LUPIC» долбоорунун координатору Ли Жуа айым, о.э. Hyundai Hightech компаниясынын өкүлдөрү болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө жасалма интеллект тармагын өнүктүрүү, анын алкагында окуу пландарын өркүндөтүү боюнча кеңири талкуулар өткөрүлүп, эки тараптуу билим берүү жана илимий кызматташтыкты чыңдоого багытталган маанилүү маселер макулдашылды.

Иш-сапардын жүрүшүндө «LUPIC»  долбооруна тиешелүү бир катар суроо-жооп сессиялары (Question and Answer – Q&A) өткөрүлдү. Ошондой эле, бакалавриат, магистратура жана PhD (докторантура) билим берүү программаларынын студенттери үчүн атайын жолугушуу уюштурулду.

Институттун директору Амантур Рыспаев менен биргеликте стратегиялык кызматташтык маселелери талкууланды. Талкуулардын натыйжасында төмөнкүдөй макулдашууларга жетишилди:

  • «LUPIC» долбоорун мындан ары өркүндөтүү жана анын натыйжалуулугун арттыруу;
  • Билим берүү тармагындагы байланыштарды кеңейтүү жана академиялык алмашууларды күчөтүү.
  • Биргелешкен жигердүү иш-аракеттерди өркүндөтүүдө келечектеги илимий-педагогикалык консорциумдун бекемделишинин платформасы түзүлөт.

Бул кызматташтык жолугушуу эл аралык деңгээлдеги билим берүү стандарттарын имплементациялоо жана жасалма интеллект тармагында инновациялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу үчүн бекем пайдубал түздү.

(С) Амантур Рыспаев – Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун директору

Добавить комментарий