2025-жылдын 26-сентябрь күнү математика жана информатика институтунда Мамлекеттик тилдин 36 жылдык мааракесине арналган иш чара өткөрүлдү.

Иш чарага 1-2-курстун студенттери активдүү катышып, кыргыз тилинде көркөм окууларды окуп арасында  өз калемдерине таандык ырларды окушту, комуз күүлөрү жаңырып, комуздун коштоосу менен жагымдуу ырларды ырдашып. Сыймык Бейшекеевдин  “Махабат дастаны” ырына  дүйнөгө таанымал кыргыздын сыймыгы болгон жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү сценка аткарышты.  

Иш чара жогорку деңгээлде өтүп, көрүүчүлөрдүн купулуна толо жакшы маанай тартуулашты. Иш чараны колдонмо информатика программанын кесиптик кыргыз тили сабагынын ага окутуучусу Мамбетова Алтынай Кыдырмышовна даярдады.

Урматтуу кесиптештер, эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун дегендей, кыргыз тилинин тарыхы – бул биздин элибиздин тарыхы.

Кыргыз тили менин дилим, сүрөөнүм,

Алмаштырбайм тилдерине бирөөнүн.

Кыргыз тилим дагы өсүп, өркүндө

Ошол менин сага тилегим

Кут болсун майрамың!

23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнүздөр менен куттуктайбыз!

(С) Бактияр Рахманкулов — тарбия иштери боюнча директордун орун басары, ф.-м.и.к., доцент

Добавить комментарий