2025-жылдын 19–20-сентябрь күндөрү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин спорт залында II Эл аралык «Manas Cup 2025» аталышындагы кендо боюнча турнир болуп өттү. Негизги демөөрчүсү “PaySend” эл аралык акча которуу кызматы болгон мелдешке Япония, Казакстан, Корея, Германия, Россия жана Кыргызстандан 100дөн ашуун спортчу катышты.
Турнирдин ачылыш аземине Япониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Хидэки Года мырза, Жогорку Кеңештин депутаты Айдарбеков Чингиз, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Конуров Бахадыр жана КУУнун инвестиция боюнча проректору Гүлбара Сыдыкова катышты.
КУУнун проректору Гүлбара Сыдыкова иш-чаранын өзгөчө маанисин баса белгилеп, «Университетибиздин 100 жылдык мааракесинин алкагында эл аралык деңгээлдеги мындай турнирди өткөрүү биз үчүн чоң сыймык. Бул иш-чара университетибиздин эл аралык статусун бекемдөөгө салым кошууда», – деди.
Мелдештин калыстык милдетин кендо боюнча көрүнүктүү чебер, Япониялык киоши (устат), жогорку техникалык деңгээлдеги 7-дандын ээси Эбису Минору мырза аткарды.
Эки күндүк кендо боюнча турниринин жыйынтыгында төмөндөгү спортчулар 1-орунду ээлешти:
- Кю кубогу үчүн мелдеште: Данила Бельмескин (Кыргызстан);
- Аялдар арасында жеке эсепте: Дарья Белова (Россия);
- Дан кубогу үчүн мелдеште: Мирас Смагулов (Казакстан).
Ал эми командалык турнирде: 1-орунду — Казакстан, 2-орунду — Кыргызстан, 3-орунду — Россия, Германия, Кыргызстандан куралган команда ээлешти.
Мындан тышкары, Кыргызстан, Казакстан жана Германия спортчуларына жубатуучу сыйлыктар тапшырылды.
Белгилей кетсек, кендо – бул жапондук кылыч өнөрү. Мелдеште бамбук кылыч жана коргоочу жабдыктар колдонулат.
(С) Уулкелсин Бектемирова – инвестициялар бөлүмүнүн башкы маркетологу








