Бишкек мэриясынын Ленин району боюнча муниципалдык администрациясынын 2025-жылдын 18-сентябрындагы катынын негизинде чыгарылган КУУнун административдик-чарба иштери боюнча проректору Бакытбек Айтахуновдун буйрутмасын аткаруу максатында 2025-жылдын 20-сентябрь күнү Кыргыз улуттук университетинин студенттери менен кызматкерлери ишембиликке чыгышып, өздөрүнө бекитилген тилкелерде тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Окуу имараттары менен жатаканалардын коменданттары студенттер менен кызматкерлерди чарба жабдуулары менен камсыз кылышып, транспортту тейлөө кызматы менен ботаникалык бакчанын кызматкерлери таштандыны шаардык таштанды ыргытуучу жайга чыгарышты.

    Добавить комментарий