2025-жылдын 2-октябрь күнү И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык институттун орто кесиптик билим берүү бөлүмүндө КУУнун 100 жылдыгына карата 100 кабинет ачуу демилгесинин алкагында “Башталгыч класстарда окутуу” адистигиинин  “Дене тарбияны окутуунун методикасы” сабагынан жана “Мектепке чейинки билим берүү” адистигиинин “Ритмика” сабактары үчүн атайын зал ачылды.

Залды мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев ачып, бөлүмдүн  жалпы эмгек жамаатына терең ыраазычылык билдирди. Бөлүм башчысы Мирбек Шарабидинов зал тийиштүү сабактарды окутуу жана окутуучулар үчүн ден соолукту чыңдоо борбору катары пайдаланыла тургандыгын айтып берди.

Эскерте кетсек, орто кесиптик билим берүү бөлүмүндө ушуну менен КУУнун 100 жылдыгына карата үчүнчү кабинет ачылды

(С) Уланбек уулу Мурат – окутуучу

Добавить комментарий