2023-жылдын 10-октябрында башкы имараттагы кичи жыйындар залында “Жасалма интеллект жана маалымат технологияларынын келечеги” аталышындагы семинар тренинг болуп өттү. Жыйынды компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун директору Амантур Рыспаев ачып, сөз кезегин баяндамачыларга берди.

  • Тилек Асанов – “ПетаБайт” компаниясынын башкы директору
  • Азамат Даниэль – 2-курс студенти: “Перевод начинающих разработчиков в специалистов”
  • Мирбек Окенов – Улут Софт компаниясынын башкы директору: “Жасалма интеллект жана маалымат технологияларынын келечеги”
  • Азамат Шооруков – “ПетаБайт” компаниясынын IT эксперти.

Баяндамалар катышуучулардын кызыгуусун туудуруп, суроо-жооптор менен коштолду.

Иш чарага илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев,  “Билим-Стандарт” көз карандысыз аккредитациялоо агентигинин директору Эрик Эсентаев, о.э. компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун студенттери катышты.

Добавить комментарий