2026-жылдын 26-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Жаштар саясаты жана спорт департаментинин демилгеси менен институттардын, факультеттердин жана колледждердин студенттик өзүн-өзү башкаруу өкмөтүнүн төрагаларынын катышуусунда жыйын өткөрүлдү.

Жыйындын негизги максаты — студенттик өзүн-өзү башкаруу өкмөтүнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, студенттик активдин өз ара байланышын бекемдөө жана алдыдагы иш-пландарды талкуулоо болду.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучуларга КУУнун Студенттик өзүн-өзү башкаруу өкмөтүнүн жаңы төрагасы болуп дайындалган Тарых жана чөлкөм таануу институтунун 2-курс студенти Жоробаев Адахан тааныштырылып, алдыда ишке ашырыла турган иш-чаралар, жаштардын демилгелери жана биргелешкен долбоорлор боюнча пикир алмашуу болду жана студенттик өзүн-өзү башкаруу өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн өркүндөтүү маселелери талкууланды.

Бул жыйын студенттик активдин башын бириктирүүгө, студенттердин демилгелерин колдоого, өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болду.

(С) Темирбекова Медина — жаштар чыгармачылыгы жана маданий массалык иштер секторунун башчысы