2025-жылдын 3-июнунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Түркия Республикасынын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Мекин Мустафа Кемал Окем мырза менен жолугушту.

Жолугушууда ректор элчи мырзаны жаңы кызмат орду менен куттуктап, Түркиянын билим берүү тармагындагы колдоосуна ыраазычылык билдирди. Ал КУУ менен түрк университеттеринин ортосундагы ийгиликтүү кызматташууну белгилеп, студенттик жана окутуучулук мобилдүүлүк программалары, биргелешкен илимий жыйындар, изилдөө долбоорлору, жайкы мектептер жана тил курстары сыяктуу долбоорлордун жигердүү жүрүп жатканын айтты. Бул багыттагы аракеттерге TİKA, Түркиянын ЖОЖдор боюнча жогорку кеңеши (YÖK) жана өнөктөш түрк университеттери чоң колдоо көрсөтүп келишет.

Түркиянын элчиси Мекин Мустафа Кемал Окем мырза өз кезегинде билим берүү тармагында кызматташууга даяр экенин билдирип, түрк дүйнөсү үчүн баалуу Жусуп Баласагындын ысымын алып жүргөн университет менен кызматташуу сыймык экенин белгиледи.

Жолугушуунун соңунда ректор элчи мырзага Жусуп Баласагындын беш томдук китебин жана эстелик белектерди тапшырды. Андан соң, элчи “Азиз Санжар атындагы кыргыз-түрк ресурстук борбору”, “ Түрк тилин үйрөнүү борборуна” барып, тил үйрөнүп жаткан студенттер менен баарлашты.

МААЛЫМАТ ҮЧҮН:

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Түркия Республикасынын кызматташуусу ийгиликтүү уланып келет. Бул багытта бир катар маанилүү долбоорлор ишке ашырылган:

  • Түрк тилин үйрөнүү борбору (TTEÖMER) 2016-жылы Түркия элчилиги тарабынан ачылып, Түркиядан келген мугалимдер акысыз курстарды өткөрүп келет. 2024–2025-окуу жылында 386 угуучу катышты.
  • 2024–2025-окуу жылында 23 студенттин окуу акысын Түркия тарап төлөп берди (1 млн сом).
  • ТИКАнын колдоосу менен төмөнкүдөй долбоорлор ишке ашты:
  • 2016-жылы химия, физика, биология факультеттерине лаборатория жабдууларын каржылап беришкен;
  • 2017-жылы Азиз Санжар атындагы кыргыз-түрк ресурстук борбору ачылган
  • 2019-жылы Санариптик жана инновациялык технологиялар борбору ачылган
  • 2024-жылдын 6-ноябрында “Билим Бишкек” инновациялык борбору ачылып, иш-чарага Түркия президентинин жубайы Эмине Эрдоган катышкан. Борбордо 6–14 жаштагы балдар үчүн STEAM билим берүү шарттары түзүлгөн.

Бул аракеттер КУУ менен Түркиянын билим берүү тармагындагы достук жана өнөктөштүк мамилелеринин жемиши.

Добавить комментарий