2025-жылдын 30-майында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев университеттин түзүмдүк бөлүмдөрү менен кезектеги жолугушууларды өткөрдү. Анда, 2025–2026-окуу жылында билим берүү сапатын жогорулатуу, Scopus жана башка эл аралык академиялык басылмаларда илимий эмгектерди жарыялоо, академиялык мобилдүүлүк, эл аралык кызматташтык жана илимий монографиялардын саны боюнча негизги сегиз критерий талкууланды.
Ректор Догдурбек Чонтоев Scopus сыяктуу журналдарда жарыяланган илимий макалалар үчүн бир жолку сыйлык каралганын белгилеп, окутуучуларды илимий иштерге активдүү катышууга чакырды.
Декабрга чейин коюлган талаптар аткарылышы керек. Жаңы жылдан тарта ар бир окутуучунун рейтинги аныкталат
Университет жетекчилиги түзүмдүк бөлүмдөр менен жолугушууларды июль айына чейин жүргүзөт.
Маалымат үчүн:
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде 30 миңге жакын студент 258 билим берүү жана илим багытындагы программалар боюнча билим алышат. Бакалавриатта 71, магистратурада 53, орто кесиптик билим берүүдө 22, PhD программасында 16 багыт боюнча окутуу жүргүзүлөт. Ошондой эле, илимдин 47 багыты боюнча 70 адистикте изденүүчүлөр, аспиранттар жана докторанттар даярдалууда.







