Ж.Баласагын атындагы КУУнун 100 жылдыгына жана улуу акын Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган «Мен өзүмдү бир кылымдан карасам…» аттуу эл аралык форум 2025-жылдын 12-майында өттү. Иш-чаранын максаты – Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгын түрк дүйнөсүнө жана жаш муундарга таанытуу, изилдөө жана окутуу.
Форум Түрк маданияты жана мурасы фонду тарабынан Ж.Баласагын атындагы Түрк мурасы борборуна техникалык жабдууларды тапшыруу аземи менен башталды. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкулова, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, “Алыкул үй борбору” коомдук бирикмесинин директору Памирбек Казыбаевдер катышып, студенттердин “Жаш толкундар” адабий чыгармачылык ийримдин мүчөлөрү жана кыргыз филологиясы факультетинин студенттери өнөрлөрүн сахнада тартуулашты.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов “Алп акын Алыкул Осмоновдой котормодо эркин чеберчиликке эч бир акын жетише элек” – деп баса белгилеп кетти. Ал Алыкул Осмонов поэзия гана эмес, кара сөздүн дагы чебери болгонун студенттерге айтып берди.
Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкулова “Алыкул Осмонов Кыргыз эли гана эмес, түрк руханий дүйнөсүндө зор акын экенин”- белгилеп, жаштарды акындын чыгармачылыгын терең окууга чакырды. Фонддун каржылык колдоосу менен Алыкул Осмонов жашаган үй кайрадан оңдолуп чыккан. Бул колдоо үчүн ыраазычылык айтылды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев “Алыкул Осмонов ар бир жаш өзгөчөлүккө жараша ачыла берген уникалдуу талант экенин белгилеп, “Биз окуучу мезгилде Алыкулдун Ысык-Көлгө арналган ырларын окусак, студент кезде сүйүү ырларын жаттап, окудук. Жаш өйдөлөгөн мезгилде Ата Журт тууралуу ырларын түшүнүп окуп баштасак, азыр өмүр жана өлүм тууралуу философиялык темалары кайрадан ачылып жатат” – деп жыйынтыктады өз сөзүн Каныбек Иманалиев.
Иш-чарага катышкан Чүй облусунун Панфилов районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Бекмаат Масаидов акындын 110 жылдык мааракеси ири масштабда ушул жылдын октябрь айында туулган жеринде белгиленерин билдирди.
Форумдун жүрүшүндө “Алыкул Осмонов – кыргыз поэзиясынын чолпон жылдызы” китебинин бат ачары да болуп, анын автору Советбек Байгазиевге “Панфилов районунун ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды.
Түштөн кийин илимий баяндамалар жасалып, мыкты баяндамачыларга сертификаттар тапшырылды.