2025-жылдын 29-апрелинде башкы имараттагы конференц-залда «Ала-Тоо жазы» республикалык конкурсуна катышып келген студенттерге сертификаттар жана ыраазычылык каттарын тапшыруу аземи болуп өттү. Илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу аталган сынакта университеттин атын татыктуу коргоп чыккан студенттерди куттуктап, аларга Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин атынан берилген сертификаттарды жана ыраазычылык каттарын салтанаттуу түрдө тапшырды.
«Ала-Тоо жазы» республикалык конкурсуна даярдык иштерин жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменти жигердүү уюштуруп, студенттерге ар тараптуу колдоо көрсөтүп, алардын катышуусуна үзгүлтүксүз көмөк көрсөтүштү. Бул иш-чара университеттин студенттеринин чыгармачылык дарамети жана жарандык активдүүлүгү жогору экенин дагы бир жолу тастыктады.
Университеттин администрациясы бардык катышуучуларга, алардын устаттарына жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, ошондой эле жаштар демилгелерин колдогон министрликке терең ыраазычылык билдирет.
(С) Бектурсунова Сумая – жаштар саясаты жана тарбия иштери боюнча бөлүмүнүн координатору






