2023-жылдын 4-октябрь күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин студенттери тарабынан мугалимдердин кесиптик майрамына карата “Мугалим- күн, ал барына бирдей тийет” аттуу салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Факультет жамаатын кесиптик майрамы менен жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин директору Кадыров Алмаз жана факультет деканы Кундузгүл Базакеева куттукташты. Экономика илимдеринин доктору, профессор Искаков Издевалды агай айткан накыл сөз жалпы катышуучулардын эсинде калды: “Жашоону маани-маңыз менен жашап өткүлө! Ичип-жеп өтүү – иттин дагы колунан келет. Мамлекетке, элге, жерге, үй бүлөгө татыктуу кызмат кылып жашагыла!”.
Жыйындын соңунда студенттер чакан концерт тартуулап, каалоо сөздөрүн айтышты.
(С) Жылдыз Сүймөнова — тарбия иштери боюнча декандын орун басары