2025-жылдын 22-апрелинде КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев 18-19-апрелде өткөн Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү мекемелеринин универсиадасынын жеңил атлетика боюнча мелдештеринде жалпы командалык эсепте 3-орунду ээлеген КУУнун курама командасынын мүчөлөрүн кабыл алды.
Алардын ичинен:
- Юридикалык институттун 4-курс студенти Холодова Анна 400м аралыкта 1-орунду, ал эми 800м аралыкта 3-орунду ээледи;
- Биология факультетинин 4-курс студенти Калил кызы Айнуска 800м жана 1500м аралыкта алтын медаль тагынды ;
- Мамлекеттик жана муниципиалдык башкаруу факультетинин 1-курс студенти Бектенов Бекбол узундука секирүүдө күмүш медалга татыктуу болду;
- 4х100 эстафетада 4-орунду КУУнун балдар командасы, ал эми 2-орунду кыздар командасы багындырды (Калил кызы Айнуска – биология факультети, Холодова Анна – юридикалык институт, Өмүрбекова Аделя – биология факультети жана Артыкова Айдай – тарых жана чөлкөм таануу институту).
Команданын машыктыруулары: Айтпай уулу Бердигул жана Пушнякова Ирина.
Белгилей кетсек, аталган мелдештерде 1-орунду КМДТжСА, 2-орунду КМТУ, 3-орунду КУУ ээледи. Ал эми калган орундарга ирети менен ОшМУ, ЖАГУ, ОМПУ, ОшКУМУ, КОСУ, КМАУ жана БатМУ татыктуу болду.




