2025-жылдын 22-апрелинде башкы имараттын алдындагы аянтча менен 1-кабаттын фойесинде Эмгек, социалдык камсыздоо жанан миграция министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы жана Кыргыз улуттук университети тарабынан уюштурулган «Бош орундар жарманкеси” жана “Ачык эшиктер күнү” өткөрүлдү.

Иш-чаранын расмий ачылуу аземинде куттуктоо сөзү менен КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров чыгып сүйлөштү.

Улуттук университеттин таланттуу студенттери тарабынан даярдалган майрамдык концерт учурунда Догдурбек Чонтоев менен Равшанбек Сабиров ректораттын жыйындар залында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Бишкек шаарындагы 60тан ашуун ишкана, мекемелер катышып, эмгек рыногунун бардык тармактарынан 5000ден ашуун бош жумуш орундары сунушталган «Бош орундар жарманкеси” менен “Ачык эшиктер күнүнүн” алкагында жумуш берүүчүлөр менен жумуш издеген жарандар баарлашып, Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын кызматкерлери жарандарга консультация беришти, ал эми КУУнун институттары, факультеттери жана колледждери кесипке багыт берүү көргөзмөсүн уюштуруп, алардын өкүлдөрү Бишкек шаары менен Чүй облусунун мектептеринен келген окуучулар үчүн Улуттук университеттеги багыттар жана студенттик жашоо жөнүндө маалымат беришти.

Иш-чара учурунда эле каалоочулар кесипке багыт берүүчү тесттерден өтүшүп, “5 колдонуп көр”, “Ханой мунарасы” жана “Тез куруу” деген кесипке багыт берүүчү оюндарга катышты.

Белгилей кетчү нерсе – «Бош орундар жарманкеси” менен “Ачык эшиктер күнүнүн” жүрүшү КУУнун расмий сайтында жана ички жана сырткы LED-экрандарда онлайн режимде чагылдырылып турду.

Добавить комментарий