2025-жылдын 21-апрель күнү математика жана информатика институтунун студенттери ысымын Улуттук университет алып жүргөн улуу илимпоз Жусуп Баласагын жашаган шаардын тарыхын билүү үчүн «Бурана» архитектуралык музей комплексине экскурсияга барышты.
Комплекстин менеджеринен студенттер «Бурана мунарасы» Баласагын шаарында жайгашканын жана Караханийлер дооруна таандык тарыхий-архитектуралык эстелик экенин билишти. 31-май – Улуттук университеттин күнүн майрамдоо алкагында өткөрүлгөн иш чара учурунда студенттер эс алуу менен гана чектелбестен, комплекстин айлана-чөйрөсүн да тазалашты.
Бурана Борбордук Азиядагы мунара архитектуралык эстеликтеринин эң байыркысы.
Бул тарыхий эстелик Кыргызстандын аймагындагы курулуш өнөрүнүн жогорку деңгээлде өнүккөндүгүн далилдейт. Бурананын айланасында курулуштун калдыктары , чеп дубалдар , бул жерде бир мезгилде Баласагун шаары өкүм сүргөндүгүн ырастайт.
Шаар 13-14 -кылымдарда өзүнүн жашоосун токтоткон. 1971-76-жылдары бурана оңдолуп , калыбына келтирилген.
Бүгүнкү экскурсия мамлекеттик “Уңгу жолу” доктринасынын негизги таянымдарынын бири саналган кыргыз элинин баалуулуктарына кирген тарыхий эстеликтерибиз менен жаштарды тааныштыруу, алардын мекенге болгон сүйүүсүн күчөтүп, элге кызмат кылуу дараметине, заман талабына ылайык билим жана кесипкөйлүккө ээ, эркин ой жүгүртүп, өз алдынча туура чечим чыгара алган, максатына жетүүдө ар кандай тоскоолдуктарды жеңе билген, эрки бекем, өз мекенин, элин чексиз сүйгөн кыргызстандык жарандарды тарбиялоо максатында жүргүзүлдү.
(С) Бактияр Рахманкулов – тарбия иштери боюнча директордун орун басары ,ф.-м.и.к.,доцент




