2025-жылдын 14-апрель күнү математика жана информатика институтунун студенттери жетектөөчү адис-курстун менеджери Нуржаз Каниетованын жетекчилиги менен КР Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) алдындагы «Инновациялык борбор» мамлекеттик мекемеси интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды коммерциялаштыруу максатында, интеллектуалдык менчик жана инновациялар экосистемасынын негизги катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу үчүн иштеп чыгарылган платформанын презентациясына катышып келишти.

Платформанын негизги максаты — интеллектуалдык менчик объектилерин жана инновацияларды коммерциялаштыруу учүн ыңгайлуу жана натыйжалуу куралды түзүү. Презентациянын  алкагында платформанын функционалдуулугун жана мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү.

Иш-чаранын жүрүшүндө чогулуштун катышуучулары платформанын иштеши ойлоп табуучулардын, илимий -изилдөө мекемелеринин, бизнес инкубаторлордун,акселерациялык компаниялардын, эксперттердин, ишкерлердин, инвесторлордун жана башка кызыкдар тараптардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртуудагы маанилүү кадам болуп калаарын түшүнүштү.

Жыйындын соңунда студенттердин айтымында, бүгүнкү иш-чара алар үчүн пайдалуу болуп , инновацияларды өнүктүрүүгө жана жайылтууга, натыйжалуу экотутумду түзүүгө өбөлгө түзүлөрүн баса белгилешти.

(С) Бактияр Рахманкулов — директордун орун басары, ф.-м.и.к., доцент

Добавить комментарий