2025-жылдын 4-апрелинде экономиканын жогорку мектебининин финансы кафедрасы уюштурган академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында иш-чара болуп өттү. Иш-чара «Жаш финансист» клубунун тегерек үстөл форматында «Академиялык мобилдүүлүк: тажрыйба, мүмкүнчүлүк жана келечек» темасында уюштурулду.

Академиялык мобилдүүлүк программасы аркылуу биздин окуу жайдын студенттер тобу Россия Федерациясынын алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири – Москва шаарындагы Экономиканын жогорку мектебинде, жана Казахстан Республикасынын Астана шаарындагы Л.Н.Гумилев атындагы Евразиялык улуттук университетинде билим алууга уникалдуу мүмкүнчүлүк алышты. Бул тажрыйба алардын академиялык гана эмес, жеке өнүгүүсүндө да маанилүү этап болуп калды. Жаңы билимдер, таанышуулар, башка билим берүү жана маданий чөйрөгө сүңгүү унутулгус таасир калтырды.

Болуп өткөн тегерек үстөлдө студенттер 2-3-курстун студенттери менен жолугушуп, өздөрүнүн сапары тууралуу таасирлери жана окуялары менен бөлүшүштү. Жолугушуу учурунда алар документтерди тапшыруу процесси, окуу жана жашоо шарттары, окутуу ыкмалары жана ЭЖМдеги академиялык жашоо тууралуу айтып беришти.

Студенттер активдүү суроолорду берип, тандоо кандай өткөнүн, кандай кыйынчылыктарга туш болушканын, бул тажрыйба кесиптик жана жеке өнүгүүгө канчалык деңгээлде жардам бергенин кызыгуу менен сурашты.

Иш-чара жылуу жана достук атмосферада өтүп, ар бир катышуучу керектүү маалыматтарды түздөн-түз булактан алууга мүмкүнчүлүк алды. Бул жолугушуу көптөгөн студенттерди академиялык мобилдүүлүк программаларына катышууга шыктандырып, алардын академиялык өсүүгө жана билим берүү чөйрөсүн кеңейтүүгө болгон умтулуусун бекемдеди.

Иш-чараны уюштуруучулар: к.э.н., доцент Секиева Р.А., к.э.н., доцент Нурмукамбетова Ж.К., к.э.н., доцент Аташова А.К., ст.преп. Кадырбердиева Г.С.

(С) Султаналиева Сайкал – окутуучу

Добавить комментарий