2025-жылдын 4-апрелинде юридикалык институттун укук таануу жана бажы иши кафедрасы тарабынан Кыргыз Республикасынын тарыхында өзгөчө орунду ээлеген 7-Апрель элдик революциясынын 15-жылдыгына карата тарбиялык-маанилик иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында кафедра башчысы, ю.и.к., доцент Ибраимов Р.Т., кафедранын окутуучулары — э.и.к., доцент Токталиева А.К., улук окутуучулар Исаева Ж.Б. жана Сталбек уулу К., жетектөөсүндө 1-курстун студенттери менен биргеликте Ата-Бейит мемориалдык комплексине зыярат уюштурулду.
Зыяраттын негизги максаты — студенттерге Кыргыз Республикасынын тарыхындагы эң маанилүү окуялардын бири болгон 7-Апрель элдик революциясынын тарыхый жана коомдук-саясий маңызын жеткирүү, ошондой эле демократия жана адилеттүүлүк үчүн курман болгон жарандардын элесин урматтоо болду. Студенттер 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун арбагына таазим кылып куран окулуп, эстеликтерине гүл коюшту. Ошондой эле мемориалдык комплекстин музейине кирип, ошол оор, бирок тагдыр чечүүчү күндөр тууралуу кеңири маалымат алышты.
Мындай иш-чаралар жаштардын тарыхый аң-сезимин өстүрүүгө, мекенди сүйүүгө жана жарандык жоопкерчиликти терең түшүнүүгө өбөлгө болот. Окутуучулар студенттердин активдүүлүгүн жана кызыгуусун жогору баалап, мындай тарбиялык мүнөздөгү жолугушуулардын маанилүүлүгүн белгилешти.
Иш-чарада тартылган видео.
(С) Р.Т.Ибраимов – укук таануу жана бажы иши кафедрасынын башчысы ю.и.к., доцент








