2025-жылы 19-мартта профессор К.Иманалиев атындагы филологиялык билим берүүнүн технологиялары кафедрасы уюштурган “Кыргыз тилин окутуунун жаңы парадигмалары” деген аталыштагы методикалык семинар өткөрүлдү.

Методикалык семинарда КРсынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, “Кыргызтест” системасынын түптөөчүсү,  “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская, п.и.к., доцент Зууракан Сарылбекова лекцияларды окушту.

Кыргыз филологиясы факультетинин 3-курсунун студенттери жана “Филологиялык билим берүү” багытында окуп жаткан магистранттар жана аталган багыт боюнча сырттан окуп жаткан магистранттар онлайн катышышты.

Илим менен техника өнүккөн сайын бардык чөйрөдө жаңылануулар күч алууда. Билим берүү процессинде дагы маалыматтык технологиялар пайдаланылып жаткандыгы белгилүү. Анын алкагында электрондук китептер дагы чыга баштагандыгы белгилүү. Мына ушунун негизинде студент-магистранттарга билим берүүдөгү жаңы парадигмалар тууралуу маалыматтарды жеткирүү, аны колдонуунун жолдорун үйрөтүү методикалык семинардын негизги максаты болуп саналат.

Б.Б.Топоева-Ставинская “Кыргыз тилин окутууда санариптик технологияларды колдонуунун жолдору” деген аталыштагы лекциясында өзү тарабынан иштелип чыккан кыргыз тилин санариптик окутуу платформасы  тууралуу маалыматтарды берип, аны кыргыз тилин окутууда кандай пайдалануу керектиги тууралуу сунуштар берилди. 

Бул платформанын негизги максаты – кыргыз  тилин үйрөнүү үчүн колдонуучулардын билим деңгээлин эске алуу менен, мультимедиялык жана интерактивдик технологияларды колдонуп, ыңгайлуу жана эффективдүү санариптик чөйрөнү түзүү экендигин лектор баса белгилеп өттү.

Китеп жалпы 4032 баракчадан туруп, А1 деңгээлиндеги сөздөрдүн саны – 1063, сүрөттөрдүн саны – 1164, аудио жазуулардын саны – 2389, ал эми платформанын азыркы учурдагы көлөмү 5162,4 мб.

Метод-семинарга катышкан студент-магистранттар платформа тууралуу маалыматтарды алып, аны пайдалануунун жолдорун өздөштүрүп алуулары, эң чоң табылга болду.

Профессор К.Иманалиев атындагы ФББТ кафедрасынын доценти З.Сарылбекова “Кыргыз тилин окутууда мультимедиялык каражаттарды пайдалануунун жолдору” деген темада лекция окуду. Лекцияда «Таалим-форум» коомдук фонду тарабынан кыргыз тилин мультимедиялык каражаттар аркылуу окутуунун технологиясы жөнүндө маалыматтар берилип, кыргыз тилин үйрөтүүдө мультимедиялык каражаттарды пайдалануунун артыкчылыктары көрсөтүлүп, аны сабакта пайдалануунун методдору сунуш кылынды. Кыргыз тилин  компетенттүүлүккө негиздеп окутуу, компетентүүлүүккө негиздеп план-конспект түзүү боюнча маалыматтар магистранттарга пайдалуу болду.

Семинардын аягында Б.Б.Топоева-Ставинскаяга “”Ыраазычылык кат”, магистранттарга сертификаттар тапшырылды.

(С) Аскар кызы Ж. – профессор К.Иманалиев атындагы ФББТ кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент

Добавить комментарий