2025-жылдын 14-мартында мамлекеттик жана муниципиалдык башкаруу факультетинде  “Кыргыз жараны” концепциясын ишке ашырууда жана жайылтууда жаштардын ролу” аталышындагы ЖОЖдор аралык студенттик илимий конференция болуп өттү. Иш-чарага Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын студенттери, окутуучулары жана илимий кызматкерлери катышты.

Конференциянын негизги максаты – “Кыргыз жараны” концепциясынын негизги багыттарын ишке ашырууда жаштардын ордун талкуулоо жана концепциядагы баалуулуктарды кеңири жайылтуу болду. Иш-чарада коомдогу көп түрдүүлүктү сактоо, толеранттуулукту жогорулатуу, этностор аралык ынтымакты бекемдөө, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана жарандык бирдейликти камсыздоо сыяктуу маанилүү маселелер талкууланды.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар “Кыргыз жараны” концепциясын жаштар арасында жайылтуу боюнча сунуштарды иштеп чыгышты. Алардын катарында студенттик уюмдар аркылуу активдүү маалымат таратуу, мамлекеттик тилди үйрөнүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жана этностор аралык карым-катнашты бекемдөө үчүн маданий иш-чараларды көбөйтүү боюнча сунуштар бар.

Бул конференция жаштарды коомдун ынтымагын бекемдөөдө активдүү болууга шыктандырып, концепцияны ишке ашырууда жаңы демилгелердин пайда болушуна өбөлгө түздү. Катышуучулар бул сыяктуу иш-чараларды мындан ары да өткөрүү керектигин белгилешти.

(С) Суймонова Жылдыз – тарбия иштери боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий