2025-жылдын 20-мартында КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Кыргызстандын жогорку окуу жайлары арасында өткөрүлгөн Универсиадада байгелүү орундарды ээлеген Улуттук университеттин тогуз коргоол боюнча балдар жана кыздар курама командаларын кабыл алды.

Курама командалардын тренери, факультеттер аралык дене тарбия жана спорт кафедрасынын доценти Нурия Султанмуратова Универсиаданын тогуз коргоол боюнча мелдештери 12-марттан 16-мартка чейин Улуттук университеттин илимий китепканасында олимпиадалык система боюнча өтүп, ага балдардын 9, кыздардын 8 командасы катышкандыгын, жыйынтыгында Улуттук университеттин балдар командасы 1-орунду, кыздар командасы 3-орунду багындырганы тууралуу ректорго маалымат берди. Анын айтымында, студенттер тогуз коргоолду мектепте окуп жүргөндө эле үйрөнүшүп, университеттеги мелдештерге катышып, чеберчилигин арттырышкан.

Догдурбек Чонтоев курама командалардын мүчөлөрүн байгелүү орундарды ээлеши менен куттуктап, окуудагы жана спорттогу ийгиликтерди каалады жана Улуттук университет студенттердин мындай ийгиликтери менен сыймыктанаарын баса белгиледи.

Жолугушууга о.э. факультеттер аралык дене тарбия жана спорт кафедрасынын башчысы Шаршен Абдыкеримов катышты.

Тогуз коргоол боюнча КУУнун балдар командасы (1-орун):

  1. Сыргак уулу Сырттан – мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин 1-курс студенти;
  2. Сейдахматов Баимбет – компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун 1-курс студенти;
  3. Аскаров Эрбол – компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун 1-курс студенти;
  4. Кенжебаев Бексултан – юридикалык институттун 4-курс студенти.

Тогуз коргоол боюнча КУУнун кыздар командасы (3-орун):

  1. Рысбекова Агынай – экономиканын жогорку мектебинин 1-курс студенти;
  2. Тургуналиева Аяна – экономиканын жогорку мектебинин 1-курс студенти;
  3. Турдубаева Саадат – чет тилдер институтунун 2-курс студенти;
  4. Бактыбекова Салтанат – чет тилдер институтунун 4-курс студенти.

Добавить комментарий