2025-жылдын 3-4-мартында “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” факультетинин доценти, саяс.и.к. Нурматова Г.А. жана доцент, т.и.к. Сатыбалдиева А.К. “Кыргыз жараны” деп өзүн таанууну өнүктүрүү жана илгерилетүү үчүн жагымдуу чөйрө түзүү” (№290  2024-жылдын 8-июлунан бекитилген  Ж.Баласагын атындагы КУУнун буйругунун негизинде) аталышындагы ички долбоорду  ишке ашыруу максатында Ысык-Көл областынын Кара-Кол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин студенттери арасында “Кыргыз жараны” Концепциясынын беш багыты боюнча видеосынак өткөрүп, анын жыйынтыгында эң мыкты видеолорду тарткан студенттерге акчалай сыйлыктарын беришти.

Ошону менен бирге, “Тарых жана укук” факультетинин мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багытындагы 1 курстун суденттерине конок лекциялары окулду. Иш-чараны жигердүү аткарып, эки окуу жайдын ортосунда кызматташтыкка кошкон салымы үчүн Г.А.Нурматовага жана А.К.Сатыбалдиевага К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору, профессор А.А.Иманбаев сертификат тапшырды.

(С) Суймонова  Ж.М. – тарбия иштери боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий