2025-жылдын 5-мартында Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги тарабынан КУУнун Ош шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинин жогорку кесиптик билим берүү бөлүмүнүн 550700 – Педагогика багытын жана орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн 030503 – Укук таануу адистиктерин аккредитациялоо өз ишин ийгиликтүү жыйынтыктады.
Аккредитациялоо агенттиги аталган билим берүү программалары кийинки 5 жылга аккредитациалоого сунушталганын билдирди.
Факультет жетекчилиги Аккредитациялоо агенттигине жана эксперттик комиссиянын мүчөлөрүнө терең ыраазычылык билдирет.
(С) Мойдунов Аскарбек – инженер-программист



