2025-жылдын 28-февралында география, экология жана туризм факультетинин 1-курс студенттери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сыноо лабораториясына экскурсияга барышты.
“Окуу жайдан – өндүрүшкө” принцибин көздөгөн бул экскурсия аталган министрликтин өкүлдөрү болочок адисттерге сыноо лабораториясы боюнча кеңири маалымат берип, өрт коопсуздугу тууралуу айтып беришти.
Сыноо лабораториясынын башчысы Сапарбек Жыргалбек Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчөлүгү, мекемедеги заманбап жабдуулар жана аларды колдонуу менен сыноолорду жүргүзүү тууралуу студенттерге айтып берди.
Мекеменин улук офицери Адылбек Келдибеков өрт өчүргүчтөрдүн кооптуу жана сыймыктуу ишмердүүлүктөрүнөн баяндап, болочок адисттердин кызыгуусун арттырды. Экскурсиядан таасир алган студенттер иш чара пайдалуу болгондугун белгилешти.
(С) Болот Шаршеев – тарбия иштери боюнча декандын орун басары




