2025-жылдын 27-февралында эл аралык колледждин окутуучулары менен студенттери 6А-окуу имаратында Эне тилдин эл аралык күнүнө арналган иш-чара өткөрүштү. Колледждин директору Жаманакова М.Б. өз сөзүндө азыркы дүйнөдө чет тилдерди үйрөнүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Эл аралык колледждин окутуучуларынын катышуучуларды колледжде окутулган ар кандай тилдерде тосуп алуусу өзгөчө учур болду. Бул достук жана түшүнүү атмосферасын түздү.

Иш-чара фестиваль форматында өтүп, анда чет тилин үйрөнгөн ар бир топ каада-салттарын жана үрп-адаттарын өз тилинде тартуулашты. Тилдерди үйрөнүү тилдик жана маданий көп түрдүүлүктү сактоого, ошондой эле көп тилдүүлүктүн өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Иш-чаранын алкагында кайрымдуулук жарманкеси уюштурулуп, андан түшкөн каражат онкологиялык жана гематологиялык оорулар менен жабыркаган балдарга жардам көрсөткөн Help the Children SKD фондуна берилди.

Мыкты окуган студенттерге ыраазычылык каттары тапшырылды

Ушул эле күнү эл аралык колледжде кайрымдуулук жарманкеси уюштурулуп, андан түшкөн каражат Help the Children SKD фондуна берилди. Фонд онкологиялык, гематологиялык оорулар менен жабыркаган балдарга жардам көрсөтөт.

(С) Джапарова Н.М. – окутуучу

Добавить комментарий