Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндөгү Жарлыгын жүзөгө ашыруунун алкагында 2025-жылдын 20-февралынан тартып Улуттук университетте төмөндөгүдөй иш-чаралар жүзөгө ашырыла баштады:
- Иш кагаздарынын бардык түрлөрү мамлекеттик тилде жүргүзүлөт;
- Окутуучу-профессордук курамды жумушка кабыл алууда алардын кыргыз тилин билүү деңгээли аныкталат.
- Ушул эле эрежелер студенттер менен магистранттарды, аспиранттар менен докторанттарды окууга кабыл алууда жана калыбына келтирүү/которулуп келүү процессинде да колдонулат.
- Чет мамлекеттен келген студенттер адегенде окуу жайда уюштурулган алты айлык курстарда кыргыз тилин үйрөнүп, анан окуй башташат.
- Кызматкерлер менен студенттердин кыргыз тилин билүү деӊгээли тест аркылуу аныкталат
- 5-март – Ак калпак күнүнөн тартып ар бир жума күндөрү университеттин бардык окутуучу-профессорлору, кызматкерлери жана студенттери улуттук кийим кийип келишет.
Бул иш-чаралардын негизги максаты – Улуттук университеттеги билим берүү жана таалим-тарбия ишинде улуттук баалуулуктарды кеңири жайылтуу.