2025-жылдын 13-февралында социалдык-гуманитардык илимдер институтунда мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Н.Ишекеевдин буйругуна ылайык Эл аралык эне тил күнүнө жана Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдыгына карата иш-чара өткөрүлдү.
Жыйынды жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын окутуучулар жамааты уюштурушту. Студенттер тарабынан эне тил тууралуу концерттик программа менен катар КУУнун тарыхын чагылдырган слайд көрсөтүлдү.
Кыргыз эл акыны Надырбек Алымбеков, улуттук кийимдер боюнча чебер модельер Ашимова Карема коноко чакырылып, студенттерге эне тилдин баалуулугу тууралуу маек куруп, патриоттуулукка үндөштү.
(С) Нурбекова С.Н. – жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын ага окутуучусу



