Бишкек шаарынын жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын педагогикалык кызматкерлеринин арасында өткөрүлгөн “Ден-соолук” спартакиадасына физика жана электроника факультетинин окутуучулар жамааты активдүү катышышып, алгылыктуу орундарга ээ болушту.

Анда шахмат боюнча биринчи орунду Турдумамбетов Максат, тогуз коргоол оюнунда үчүнчү орунду Бакирова Элизат, стритбол боюнча үчүнчү орунду Каниметова Гулмира ээледи.

Биз бул окутуучуларыбыз менен сыймыктанабыз жана келечекте дагы көптөгөн ийгиликтерди жаратаарына терең ишенебиз.

(С) Дөөлөталиева А.С. – тарбия иштери боюнча декандын орун басары, п.и.к., доцент

Добавить комментарий