2025-жылдын 4-5 – февраль күндөрү карьера жана практика борборунун жетектөөчү адиси Эмил уулу Т. жана башкы адиси Шерматова Ж.Т. математика жана информатика институту менен физика жана электроника факультетинин бүтүрүүчүлөрүнө “Резюмени туура жазуу жана жумуш ордун туура тандоо” темасында лекция өткөрүштү.

Сабактын максаты – студенттерге резюме жазуунун негизги эрежелерин жана жумуш ордун тандоодо эске алынуучу аспектилерди түшүндүрүү, о.э. жумушка орношуу процессинде жолугушуучу кыйынчылыктар жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берүү болду.

КжПБнын адистери резюменин маанилүүлүгүн жана аны жазуунун негизги принциптерин түшүндүрүп, резюмеде кандай маалыматтар болушу керектигин, анын ичинде жеке маалыматтар, билим, иш тажрыйбасы, кошумча квалификациялар, чет тилдерди билүү деңгээли жана башка маалыматтарды кандай форматта көрсөтүү керектигин айтып беришти.

Резюмени түзүүдө көңүл бурулушу керек болгон негизги аспектилер: аны кыска жана так жазуу, тагыраак маалыматты көрсөтүү, жумуш берүүчүгө кызыктуу кылып түзүүгө аракеттениш керек экенин тушундурушту.

Ошондой эле, резюменин каталардан жана  артықчылыктардан арылтып, калыс жана профессионалдык көрүнүшкө ээ болушу керектиги баса белгиленди.

Лекцияда жумуш ордун тандоодо студенттердин кызыкчылыктарын жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу зарылдыгы айтылды.  Жумушка орношууда кайсы факторлордун маанилүү экенин, атап айтканда, мекеменин аброю, карьералык өсүш жолдору, жумуш ордунын шарттары жана чөйрөсү тууралуу кеңештер беришти.

Студенттерге өздөрүнүн күчтүү жана алсыз жактарын, кызыкчылыктарын жана кыялынын негизинде жумуш ордун тандоо тууралуу ойлонуу сунушталды. Лекциянын аягында студенттер тарабынан резюме жазуу жана жумушка орношуу боюнча суроолор берилип, адистер алардын жоопторуна толук түшүндүрмө беришти. Студенттер өздөрү тапкан кыйынчылыктарды жана кызыккан маселелерди ортого салып, адистерден кеңештер алышты. Бул талкуу иш жүзүндө резюмени жазуу жана жумуш ордун тандоо боюнча студенттерге жардам берди деген үмүттөбүз.  

Лекция студенттер үчүн абдан пайдалуу жана маалыматтуу болду. Резюмени туура жазуу жана жумуш ордун туура тандоо боюнча берилген кеңештер студенттердин келечектеги карьерасы үчүн маанилүү жардамчы болуп калды. Лекциянын катышуучулары өздөрүнүн резюме жазуу жөндөмдөрүн жакшыртып, жумушка орношуу процессине даяр болушту. Талкуулар жана суроолорду чечүү студенттердин иш жүзүндө жардам алышына жана жеке кызыкчылыктарын туура талдоого мүмкүнчүлүк берди.

(С) Эмил уулу ТеңирКжПБнын жетектөөчү адиси

Добавить комментарий