2025-жылдын 10-февраль күнү кесиптик колледжде экономика жана финансы бөлүмү тарабынан уюштурулган студенттер үчүн конок лекциясы өткөрүлдү. Лекцияны экономика илимдеринин кандидаты, доцент Джумабаева Гульнура Бердибековна – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башкы инспектору, “Салык мыйзамдарындагы негизги өзгөртүүлөр” деген темада окуду.
Гүлнура Бердибековна жалпысынан салык мыйзамдарынын актуалдуу маселелерин ачып берип, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү толук ачып бере алды.
Белгилей кетсек, лекциянын темасы мугалимдер үчүн да, салык адистигинде окуган студенттер үчүн да актуалдуу болгон.
Жалпысынан лекция жогорку деңгээлде өттү.
(С) Отонбаева Рахима – директордун орун басары


