2025-жылдын 31-январь күнү №8-окуу имаратындагы А.Табалдиев атындагы илимий китепканада Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев алып барган жыйында негизги маселе катары “КУУдагы илимий-изилдөө иштеринин 2024-жылдагы жыйынтыгы жана приоритеттүү  перспективалары”, “Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун 2023-2024-окуу жылында аткарган иштеринин жыйынтыктары жана 2024-2025-окуу жылына карата иш планы” жана башка ар түрдүү маселелер каралды.

Жыйындын башында ректор кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун бөлүм башчысы Джамиля Атыканова менен тарых жана чөлкөм таануу институтунун ага окутуучусу Нурзада Жантелиевага Улуттук аттестациялык комиссиянын чечими менен ыйгарылган “Тарых илимдеринин кандидаты” окумуштуулук даражасынын дипломун, ал эми тарых жана чөлкөм таануу институтунун директору Туратбек Сырдыбаевге маданият жана искусство тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Ардак грамотасын тапшырды.

Андан кийин, күн тартибиндеги 1-маселе боюнча илимий иштер боюнча проректор Мирлан Дылдаев чыгып сүйлөп, Улуттук университеттеги илимий-изилдөө иштеринин 2024-жылдагы жыйынтыгы жана приоритеттүү  перспективалары тууралуу баяндама жасады жана катышуучулардын көптөгөн суроолоруна жооп берди.

Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун директору  Аслан Кулбаев өзү жетектеген институтта 2023-2024-окуу жылында КУУнун профессордук-окутуучулук курамынын жана орто билим берүү мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча аткарылган иштер жана жаңы окуу жылына карата иш планы тууралуу отчет берди.

Отурумдун “Ар түрдүү маселелер” бөлүгүндө “КУУнун 100 жылдык мааракесине даярдыктарды көрүү үчүн (бренддик басма продукциясы, брошюралар, мелдештерди өткөрүү) КУУнун Коомдук фондуна университеттин кызматкерлеринин бир күндүк эмгек акысын которуу”, “Тарых жана чөлкөм таануу институтунун 570001 – “Искусство таануу” адистигин программага өткөрүү” жөнүндө маселелер каралып, алар боюнча ректор Догдурбек Чонтоев жана тарых жана чөлкөм таануу институтунун директору Туратбек Сырдыбаев билдирүү жасашты.

Күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча кызуу талкуу жүрүп, жыйынтыгында Окумуштуулар кеңеши тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Добавить комментарий