2025-жылдын 17-январь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин жаңырган жылдагы алгачкы отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев алып барган жыйында негизги маселе катары “Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук  университетинин 100 жылдык мааракесине даярдыктар”, “Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук  университетинин №12-окуу имаратын куруу” жана “Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук  университетинин өзгөчө статусуна ылайык анын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү” жөнүндө маселелер каралды.

Жыйындын башында ректор билим берүү тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы К.К.Ташиев өткөргөн кеңешменин жыйынтыктары жөнүндө маалымат берип, дүйшөмбүдөн баштап бул багытта университеттин түзүмдөрүндө атайын иш чаралар өткөрүлөөрүн белгиледи, о.э. юридикалык институтта 30 жылдан бери эмгектеген юридика илимдеринин кандидаты Бахтигуль Сармановага “доцент” окумуштуу наамынын аттестатын, ал эми экономиканын жогорку мектебинин бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит кафедрасынын окутуучусу Каухар-Дина Бятовага “экономика илимдеринин кандидаты” окумуштуулук даражасынын дипломун тапшырды.

Андан кийин, күн тартибиндеги 3 маселе боюнча тең ректор Догдурбек Чонтоев өзү билдирүү жасап, 2025-жылдын октябрь айында белгиленүүчү Улуттук  университеттин 100 жылдык мааракесине карата аткарылуучу иштердин планы жана кабыл алынган документтер, №4-жатакананын ордуна жаңы 12 кабаттуу №12-окуу имаратын куруу жана окуу жайдын өзгөчө статус алгандыгына байланыштуу Улуттук университеттин Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө айтып, жаңы окуу имаратын куруунун жана Уставга киргизилүүчү өзгөртүүлөр менен толуктоолордун зарылдыгын негиздеп берди.

Каралган бардык маселелер боюнча кызуу талкуу жүрүп, жыйынтыгында Окумуштуулар кеңеши тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Добавить комментарий