2024-жылдын 24-декабрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Догдурбек Чонтоев алып барган жыйында негизги маселе катары “2024-жылдагы жайкы сессиянын жана мамлекеттик аттестациялык комиссиянын иш жыйынтыктары”, “КУУнун жарчысы” редакциялык-басма бөлүмүнүн 2024-2025-окуу жылындагы иши”, “КУУнун дисциплинардык комиссиясынын 2024-2025-окуу жылындагы иши” жөнүндө жана башка ар түрдүү маселелер каралды.
Негизги маселелер каралаардан мурда Догдурбек Чонтоев Улуттук университет “Facebook Party” Кыргызстан «Ырыс алды Ынтымак» аталышындагы интернет желесиндеги добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 20 жогорку окуу жайдын ичинен эң көп добушка ээ болуп, “Мыкты жогорку окуу жай 2024” наамына ээ болгону, КУУнун 9 студенти 60 миң сом өлчөмүндөгү президенттик стипендияга татыктуу болгону тууралуу билдирүү жасап, сыйлыкка татыган студенттерге Улуттук университеттин ардак грамотасын тапшырды.
Андан кийин ректор илимге жана билим берүүгө кошкон жигердүү салымы үчүн “КУУнун ардактуу профессору” наамы ыйгарылган мамлекеттик жана коомдук ишмер, журналистика билим берүү программасынын окутуучусу, саясат таануу илимдеринин доктору Каныбек Иманалиевге аталган наамдын дипломун тапшырып, мантиясын кийгизди.
Ректор о.э. Улуттук аттестациялык комиссиянын Президиумунун чечими менен “доцент” наамы ыйгарылган филология илимдеринин кандидаты Айнура Бешкемпировага, юридика илимдердин кандидаты Эльмира Болотбековага, физика-математика илимдеринин кандидаты Нурила Байгазиевага, экономика илиминин кандидаты Назгуль Баймурзаевага, экономика илимдеринин кандидаты Жылдыз Мырзахматовага, юридика илимдеринин кандидаты Улан Андашевге аталган наамдын аттестатын, ад эми ага окутуучу Чынара Асаналиевага “педагогика илимдеринин кандидаты”, окутуучу Александар Харченкого “химия илимдеринин кандидаты” окумуштуулук даражасынын дипломун тапшырды.
Күн тартибиндеги 1-маселе боюнча окуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кыдыралиев баяндама жасап, 2024-жылдагы жайкы сессиянын жана мамлекеттик аттестациялык комиссиянын иш жыйынтыктары тууралуу айтып берди.
“КУУнун жарчысы” редакциялык-басма бөлүмүнүн 2024-2025- окуу жылындагы иши жөнүндө аталган бөлүмдүн башчысы Клара Шакирова билдирүү жасады.
КУУнун дисциплинардык комиссиясынын 2024-2025-окуу жылында аткарган иши тууралуу Алмазбек Кыдыралиев маалымат берди.
Отурумдун кийинки бөлүгүндө
- “КУУнун бюджеттен тышкаркы ишмердүүлүгүнөн түшкөн каражаттарды топтоонун жана сарптоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү”
- “КУУнун ички аудити жөнүндө жобону бекитүү жана сектор ачуу”
- “КУУга чакырылган чет элдик окумуштууларга төлөөнүүчү акча каражатынын өлчөмү”
- “Математика жана информатика институтунун кафедраларын оптимизациялоо”
- “Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун структурасын өзгөртүү”
- “КУУнун кошумча билим берүүнүн дипломдорунун жана сертификаттарынын формасын бекитүү”
- “КУУнун билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү укугунун лицензиясынын формасын бекитүү”
- “КУУнун жатакана акысын теӊдөө”
- “КУУнун алдындагы коомдук фонддун байкоочу кеңешинин жана башкармалыгынын мүчөлөрүн бекитүү”
жөнүндө маселелер каралып, алар боюнча
- пландоо-финансы бөлүмүнүн башчысы Айнура Мамаева
- биринчи проректор-окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев
- пландоо-финансы бөлүмүнүн башчысынын орун басары Бермет Кабылбек кызы
- математика жана информатика институтунун директору Изат Усенов
- компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун директору Амантур Рыспаев
- кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун директору Аслан Кулбаев
- окуу башкармалыгынын билим берүүнүн сапаты, мониторинги, аккредитациялоо жана лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Бузурманкулова
- мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин деканы Кундуз Базакеева.
баяндама жасашты.
Бардык маселелер боюнча кызуу талкуу жүрүп, аталган маселелер боюнча Окумуштуулар кеңеши тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алынды.