2024-жылдын 29-ноябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Догдурбек Чонтоев алып барган жыйында негизги маселе катары “КУУнун окуу процессине дуалдык окутууну ишке ашыруу жана жобосун бекитүү”, “КУУнун Окумуштуулар  кеӊешинин 2024-2025-окуу жылына иш мерчемин бекитүү”, “КУУнун электрондук маалыматтык-билим берүү чөйрөсүнүн абалы жана өнүгүүсү” жана башка ар түрдүү маселелер каралды. 

Отурумдун башында Догдурбек Чонтоев Улуттук университеттин билим берүү программаларын эл аралык аккредитациялоо боюнча Россия менен Кыргызстандын көз карандысыз аккредитациялоо агентиктери тарабынан айтылган сунуштар тууралуу билдирүү жасап, аларды ишке ашыруу боюнча зарыл болгон иш чараларга токтолду.

Андан кийин ректор Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Доктурбек Осмоновго “КУУнун ардактуу профессору” наамынын аттестатын, ал эми журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюкка КР Журналисттер союзунун сунуштоосу менен Маалымат жана басма сөз күнүнө карата берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ардак грамотасын жана ардак белгисин тапшырды.

Ректор о.э. жаштар саясаты жана спорт департаментинин бөлүм башчысы Ынтымак Касмакунов 2-декабрдан тартып аталган департаменттин директору болуп дайындалганын кабарлады.

Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча окуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кыдыралиев чыгып сүйлөп, КУУда дуалдык окутууну ишке ашыруу жана анын жобосун бекитүү жөнүндө баяндама жасады.

Окумуштуулар  кеӊешинин 2024-2025-окуу жылындагы иш мерчеми тууралуу окумуштуу катчы Жаңыл Керимканова, КУУнун электрондук маалыматтык-билим берүү чөйрөсүнүн абалы жана өнүгүүсү тууралуу маалыматтык технологиялар борборунун директору Улан Мусаев баяндама жасашкан соң, жыйындын катышуучулары ар түрдүү маселелерге өтүштү.

Күн тартибинин бул бөлүмүндө “Билим Бишкек” инновациялык борборун ачуу, КУУнун 2027-жылга чейинки кесипке  багыт берүүсүнүн концепциясы, 2024-2026-жж. тарбиялык  иштерди жүргүзүүнүн концепциясы, медициналык факультеттин базасында медициналык институт ачуу, профессор Н.А.Асипованын илимий мектебин ачуу, КУУнун профессордук-окутуучулук курамына Scopus, Web of Science журналдарына жарыяланган макалалары үчүн төлөм жүргүзүү, профессорлор Акылбек Кылычевди, Жамыйкат Омурованы, Бекболот Канетовду жана Нурбүбү Асипованы Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгына сунуштоо, аспирантурада «Теплофизика и теоретическая теплотехника» адистиги боюнча билим берүү программасын ачуу, о.э. Айнура Урматова менен Денис Крутиковдун докторлук  диссертацияларына байланышкан маселелер каралып, алар боюнча окуу  башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кыдыралиев, кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы, математика жана информатика институтунун директору  Изат Усенов, жаштар саясаты жана тарбия иштери боюнча бөлүмдүн башчысы Ынтымак Касмакунов, медициналык факультеттин деканынын м.а. Чынгыз Узакбаев, илимий иштер  боюнча проректор Мирлан Дылдаев билдирүү жасашты.

Ынтымак Касмакунов – жаштар саясаты жана спорт департаментинин директору (02.12.2024 тартып)

Добавить комментарий